Деги, деги эле. Самтыркан өзүн деле жанга теңебейт (Байтемиров). Деле күлкүлөрү таш жарат да (Сыдыкбеков). Көк торгун көйнөгү деле жарашыктуу, деле кептүү-көрктүү (Сыдыкбеков).
Да, дагы эле. Балдар түшкөн вертолётко мен деле түшөм («Жаш ленинчи»). Кагылайын Зарыл деле тигинтип келатат (Сыдыкбеков). Көп деле алыс эмес Брест шаары (Үмөталиев).